Кыргызстан менен Өзбекстан Кытайга чейин автожүрүш уюштурат

693

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери октябрдын аягына белгиленген «Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар» каттамы боюнча автожүрүш уюштурууга даярдык көрүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиёевдин расмий сайты жазды.

Билдирүүдө кыргыз тараптын демилгеси менен эки өлкөнүн лидерлери телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылат. Анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана жакында мамлекеттик сапар учурунда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселеси талкууланган.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өлкө башчылар калган чек ара тилкелери боюнча макулдашууга тез арада кол коюуга кызыкдар экендиктерин билдиришкен.

Атамбаевдин 5-6-октябрь күндөрү Өзбекстанга жасаган сапары маалында Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар жолу боюнча меморандумга кол коюлуп, президенттер аталган каттам аркылуу автожүрүш өткөрүү тууралуу макулдашкан.