Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен аскердик машыгуусу (видео)

1930

Өлкө чек арасын бузуп кирип келген куралдуу топ жок кылынып, душмандын мизи майтарылды. Ысык-Көл областындагы «Эдельвейс» полигонунда Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен аскердик машыгуусу өткөн ишембиде жыйынтыкталды.

Анын жүрүшүндө 500гө жакын аскер, 100дөй согуштук техникасы жана аскердик учактар тартылды. Негизги бута — калктуу аймакка жакындап келип, ок чыгара баштаган террорчулар.