Кыргызстан менен Тажикстан чек арасындагы абал тынч жана туруктуу

1195

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Учурда убактылуу каттамдары токтотулган «Кулунду — автожол» көзөмөл өткөрүү бекетинин иши жанданган.
Ошондой эле, кечээ кечинде Тажикстандын жарандары кыргыз-тажик чек арасындагы курулуш иштерин толугу менен токтоткону кабарланды. Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеевдин билдирүүсүнө караганда, кечээ эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү өтө оор өтүп, бирок макулдашууга жетише алышкан. Ага ылайык, чек ара кадимки штаттык режимде кайтарылып, эки тарап кошумча күчтөрүн жана аскер техникаларын алып чыгып кетүү боюнча макулдашышкан.
Ошондой эле, эки жактын тартип сакчылары Кыргызстандын Максат жана Тажикстандын Калача Оочи пункттарындагы коомдук тартипке биргеликте көз салышат. Мындан тышкары, Баткендин жетекчиси Акрам Мадумаровдун билдирүүсүнө караганда, тажик тарап сүйлөшүүгө ылайык, такталбаган аймакта баштаган курулуштарын, жакынкы 20 сааттын ичинде кайра бузушу керек.
Эске салсак, 16-сентябрь күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Максат жана Сай бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир жоокер каза таап, 13 киши жарадар болгон. Тажик тарап 3 киши набыт болуп, бир нечеси жарадар болгонун билдирүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.