Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагындагы абал (видео)

943

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Бирок Баткен – Лейлек менен Исфара — Ворух жолдору дагы деле жабык турат. Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык топ жерине барып, тургундар менен жолугушту.

Андан тышкары, учурда жергиликтүү бийлик жана күч органдары биргелешип түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Окуя болгон жерге Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев барып, өздүк курам менен жыйын өткөрүп, абалды турукташтыруу боюнча тапшырмаларды берген. Азыр Баткен областында тартип сактоо органдары күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.