Кыргызстан милдеттүү авто камсыздандырууга даярбы? (видео)

668

Кыргызстандыктар милдеттүү автокамсыздандырууга өткөнгө даярбы? Жаңы жылдан тарта айдоочулардын жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу милдеттүү түрдө киргизилет. Бирок жаңы тартип киргени менен, чечилбей жаткан маселелер бар. Мисалы, жол кырсыгында келтирилген чыгымды төлөтүүнүн так ыкмасы бүгүнкү күнгө чейин жок.

Ошондой эле, чыр-чатактарды сотко жеткирбей чече турган камсыздандыруу арбитрин тандап алуунун жол жобосу боюнча да сын-пикирлер айтылууда. Алсак, калыс боло турган адам — жеке компаниялар тарабынан дайындалып, алардан маяна алат. Бирок ал авария фактылары боюнча адилеттүү чечим чыгарыш үчүн эч кимден көз каранды болбошу керек.