Кыргызстан музейлеринде экспонаттардын жоголушун парламент иликтейт

808

Тиешелүү депутаттык топ кечээ Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде түзүлдү. Эл өкүлү Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, ал Бишкектеги базарлардын биринен XII кылымга таандык тыйынды арзан баада сатып алган. Эл өкүлүнүн пикиринде, бул буюм музейлерден уурдалып кеткен экспонат да болушу мүмкүн.

Ошондой эле, Кыргызстандагы музейлерден жоголгон экспонаттар чет өлкөдө аукциондордо сатылып жатканын да кошумчалады. Мындан улам, музей экспонаттарынын кандай жагдайда жоголгонун жакшылап иликтеш керек, дейт депутат Артыкбаев.

Белгилей кетсек, акыркы он жыл аралыгында Мамлекеттик тарых музейинен 503 экспонат жоголгон. Алардын арасында зер буюмдар, карапалар, металл беткаптар, Библия менен Курандын кол жазмалары, баалуу сүрөттөр бар. Адистер булардын айрымдарынын миң, 1,5 миң жылдык тарыхы бар экенин жана алардын айрымдарынын наркы болжол менен 5 миллион сомго чукул экенин айтышкан.