Кыргызстан насыяларды кантип пайдаланат? (видео)

898

Айыл-чарбаны өнүктүрүүгө алынып жаткан кредиттердин 30 пайыздан ашууну консультацияларга, семинар-тренингтерге, ал эми эки миллион доллары эксперттердин маянасы менен иш сапарларына сарпталат. Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен эл аралык фонддун ортосундагы келишимди ратификациялоо документи каралды. Бирок карызга алынып жаткан каражаттын көбү айыл чарба тармагын колдоого багытталбаганы эл өкүлдөрүнүн нааразы кылды. Акча берип жаткан тараптын талабы ушундай болгондуктан, депутаттар канчалык сынга алышпасын келишимдин шарттарын өзгөртө албаарын түшүнгөн соң, документти колдоп берүүнү туура көрүштү.