Кыргызстан-Өзбекстан аралык «Достук» велосапары башталды

758

Ош облусунун тургуну, эмгек жана спорт ардагери Мамыт Таштанов Бишкек-Ош-Aнжиян-Кокон-Бухара-Самаркан-Жызак-Манас-Ташкент каттамы боюнча сапарга чыкты. Ал бул шаарларды велосипед менен кыдырып чыкмакчы.

Сапар Бишкектеги Ала-Тоо аянтынан башталып, Өзбекстандын борбору Ташкент шаарындагы нөлүнчү чакырым менен аяктайт. Бул тууралуу маалымдаган Маданият, маалымат жана туризм министрлиги «Достук» сапары эки өлкө ортосундагы мамилени бекемдей турганын билдирди. Ошондой эле маалыматта айтылгандай, бул велосапар Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына да арналган.

Эки өлкөнүн акыркы он жылдан берки сууп кеткен мамилеси Өзбекстандын башына президент Шавкат Мирзиёев келгенден кийин жанданган. Былтыр сентябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» бекети ачылып, эки элдин кирип-чыгышына кеңири мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кийинчерээк Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы бир катар чек ара бекеттери да ачылып, жөө жүргүнчүлөрдүн өтүшү жеңилдетилген.

Быйыл март айынан тартып Ташкент-Бишкек-Балыкчы каттамында поезд, май айынан тартып Ташкент-Бишкек каттамында автобус жүрө баштаган.