Кыргызстан-Өзбекстан чек арасында абал тынч. Чогулгандар жок

1106

Ош областындагы Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан суу сактагычынын аймагында кошуна өлкөнүн аскерлери өздөрүнө тиешелүү жер тилкесин тосуп баштаган. Буга жергиликтүү тургундар нааразычылыктарын билдирип чыгышкан.

Араван районунун акими тосулуп жаткан жерлердин делимитациясы бүтүп, чек ара белгилерин орнотуу гана калганын билдирүүдө. Бирок Керкидан айылынын эли Өзбекстан аталган тилкени өз билемдик менен тосо баштаганын айтууда. Эки тараптын ортосунда чыр чыккандан улам кечээ кечинде тартип сакчылар Керкиданга барып, жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тынчтандырышкан.

Учурда Кыргызстан-Өзбекстан чек арасында абал тынч. Чогулгандар жок экени маалымдалды. Бүгүн Керкидан айыл өкмөтүнүн башчысы менен катар эле 3 жергиликтүү тургундан турган чакан топ өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнө жөнөп кетти. Алар Керкидан айылындагы 400 гектар жер Араван районундагы башка жерге 2 жыл мурда алмаштырылган деген маалыматты тактоо максатында барышат. Ошондой эле, тургундар Керкидан суу сактагычын 2 өлкө бирдей пайдалануусун талап кылып жатышат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.