Кыргызстан-Өзбекстан чек арасындагы абал (видео)

690

Кыргызстан-Өзбекстан чек арасында кайрадан талаш маселе жаралды. Буга Ош областындагы Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан суу сактагычынын жанында кошуна өлкөнүн аскерлери чектешкен аймакты тосуп баштаганы себеп болгон. Буга жергиликтүү тургундар нааразычылыгын билдирип чыгышты.

Эки тараптын ортосундагы пикир келишпестикти жөнгө салуу үчүн тартип сакчылар Керкиданга барып, жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бирок кийин Кыргызстан жактан да, Өзбекстан тараптан да кайрадан эл чогулду.