Кыргызстан-Өзбекстан: Чуу жараткан жердин тарыхы (видео)

792

Ош областынын Араван районунун 412 гектар жери алмашуу жолу менен Өзбекстанга өткөн. Бул маалыматты өкмөттүн чек ара маселелери боюнча комиссиясынын мүчөсү Байыш Юсупов тастыктады. Анын айтымында, алмашуу тууралуу чечим 50 жыл мурда эле кабыл алынган. Бирок кошуна мамлекет тосмолорду эми орното баштаптыр.

Ал эми 412 гектар жердин ордуна Өзбекстан убадалаган аянт эки жыл мурда Кыргызстан тарапка өткөн, дейт Юсупов. Үч күндөн бери жергиликтүү элди дүпөйүл кылган маселе боюнча расмийлер эмне дейт?