Кыргызстан – Өзбекстан ортосундагы товар жүгүртүү 170 млн долларга жетти

1216

Быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 170 миллион долларга жетти. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан бизнес-форумда айтылды. Ага Өзбекстандын тышкы экономика министрлигинин инвестициялар боюнча комитетинин соода-өнөр жай палатасынын жана 20дай компаниянын өкүлдөрү катышууда.

Кыргызстандын соода өнөр-жай палатасынын президенти Марат Шаршекеевдин айтымында, жарым жыл ичинде эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 170 миллион долларга жетти, бул былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге көп. Өзбекстандын соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Адхам Икрамов жыл аягына чейин бул көрсөткүч 500 миллион долларга жетет деп үмүт артып жатканын билдирди.

Бизнес-форумга кошуна өлкөдөн курулуш, тамак аш, кайра иштетүү, өнөр жай жана косметика тармагында иш алып баргандар келишкен.