Кыргызстан пандемия шартында добуш берүү уюштурууга даярбы? (видео)

1339

Кыргызстанда шайлоо тилкелери пандемия шартында добуш берүүнү уюштурууга канчалык даяр? Бул жолку саясий иш чарада шайлоо тилкелеринде иштегендерге кошумча түйшүк жаралды.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу, коопсуздук чаралары күчөтүлгөн тартипте өткөрүлөт. Жарандар ортосундагы аралык сакталып, шайлоо тилкесине келген ар бир киши медициналык бет кап, кол кап кийип келиши керек. Ал эми келгендердин арасында дене табы көтөрүлгөндөр болсо, өзүнчө бөлмөдө добуш берет.