Кыргызстан Россияны ГЭСтерди куруу долбоорун ишке ашырууга чакырды

786

Кыргызстан кайрадан Россияны Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу долбоорун ишке ашырууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Россиянын Энергетика министрлигине шилтеме кылып жазды.

Басылма учурда бул сунуш «бийлик жана кызыктар компаниялар тарабынан каралып жатканын белгиледи. «Азырынча долбоорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну калыбына келтирүүнүн шарттары кыргыз тарап менен талкуулана элек», — деп жазды агенттик.

Кыргызстан Россия менен Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге 2012-жылы кол койгон. Бул үчүн «Жогорку Нарын ГЭСтери» деген биргелешкен ишкана түзүлгөн. Анда алгачкы гидроагрегат 2016-жылы ишке кирери маалымдалган.

Бирок 2016-жылы августта Кыргызстан келишимди бир тараптуу токтоткон. Буга жооп кылып долбоорду ишке ашыруу милдетин алган Россиялык «РусГидро» компаниясы курулушту пландоого 37 млн. доллар сарпталган деп, кыргыз тараптан аны төлөп берүүнү талап кылган. Кыргызстан болсо бул суммадан күмөн санап, эл аралык аудит өткөрүлүшү керектигин билдирип келет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.