Кыргызстан саммиттин катышуучуларын тосуп алууга даяр (видео)

566

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катыша турган алгачкы коноктордун учагы «Манас» эл аралык аэропортуна келип конот. Аларды татыктуу деңгээлде тосуп алуу үчүн даярдыктар жыл жаңырганда эле башталган. Аэропорт кызматкерлери күн-түн дебей күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

Саммит өтө турган 2 күн ичинде аба майданга алып барган жолдор маал-маалы менен жабылып турат. Андыктан убакытты кенен алып, басып өтө турган багытты алдын ала пландоо зарыл, дейт тиешелүү кызматтар.