Кыргызстан санариптик экономика боюнча лидер болот (видео)

755

Айрым мамлекеттик аткаминерлердин өз ишине болгон көңүкош мамилесинен улам санариптик трансформацияны ишке ашыруу кечеңдөөдө. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков санарипти өнүктүрүүгө арналган Коопсуздук кеңешинин отурумунда билдирди. Мындан тышкары, маалыматтык технологияларды киргизүүдө каржылоонун начардыгы жана бирдиктүү стратегиялык документтин жоктугу да аракеттерге тоскоол болууда, — дейт мамлекет башчысы.

Отурумдун жүрүшүндө президенттин буйругу менен иштелип чыккан өлкөнү санариптик трансформациялоо концепциясы тааныштырылды. Ал документ коррупцияны жоюп, ар бир жаран үчүн ачык коом түзүүгө багытталган. Ошондой эле, бул жаатта чабал иштеп жаткан бир топ жетекчилер президенттин катуу сынына кабылышты.