Кыргызстан санариптик форматка өтөт (видео)

745

Кыргызстан 2023-жылга чейин толугу менен санариптештирилип бүтүшү зарыл. Жакында кабыл алынган өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында дал ушундай пункт көрсөтүлүп, өкмөткө 5 жылдык мөөнөт берилген. Учурда 22 мамлекеттик мекеменин калк менен иштөөсү автоматташтырууга өткөрүлгөн. Эми дагы 5 мекеме даярдалып жатат.

Адистер бул долбоор экономиканын өсүшүн, жаңы жумуш орундарынын пайда болушун шарттап, а түгүл коррупцияга бөгөт коёрун белгилешүүдө. Учурда өлкөнү санариптештирүү боюнча негизги документтер даярдалып бүттү. Декабрь айында алар Коопсуздук кеңешине сунушталат.