“Кыргызстан” санаторийинде кыйылган бактар сатылуудабы? (видео)

4500

Өлкөдөгү жападан жалгыз кардиологиялык санаторийдин уникалдуу багы талкаланып, андагы бак-дарактар аёсуз кыйылууда. Аламүдүн районунун Малиновка жана Кашка-Суу айылдарынын тургундары «Кыргызстан» дарылоо-профилактикалык мекемесиндеги кырдаал боюнча нааразычылык билдирип чыгышты.

Айтымдарында, аталган жайдын жетекчиси санаторийдеги кара бак, арчаларды кыйып сатууда. Ошондой эле, жергиликтүүлөр ден-соолукту чындоо борбору учурда кейиштүү абалга келгенин жана тиешелүү жетекчилик тарабынан эч кандай аракеттер көрүлбөй жатканын билдиришти.