Кыргызстан Талибан өкмөтү менен диалогго бардыбы? (видео)

2429

Талибан өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун Афганистанга карата санкциялык кысымын азайтуу үчүн Россияны ортомчу болууга чакырууда. Антпесе аталган өлкөнү ачкачылык каптайт деген кооптонуулар бар. Афганистандагы абалды эске алуу менен Кыргызстан гуманитардык жардам жеткирген мамлекеттердин катарын толуктады.

Кабул шаарына жөнөтүлгөн жүктү Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган делегация коштоп барган. Андан соң, ал талибандар түзгөн өкмөттүн 2 мүчөсү менен жолукту. Расмий Бишкектин бул кадамы эмнеден кабар берет?