Кыргызстан тамактан жабыркаган өлкөлөрдүн алдыңкы сабына кошулду

1819

Германиянын Йена шаарындагы Фридрих Шиллер университети тамактануу тууралуу узакка созулган изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады.

1990-2016-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн изилдөө туура эмес тамактануудан улам адам өлүмү мурдагы советтик өлкөлөрдө эң көп катталганын көрсөткөн.

Сап башында Өзбекстан турат, анда ар бир 100 миң кишиден 394 адам тамакты туура ичпегендиктен өлүмгө учурай тургандыгы айтылат. Кыргызстанда бул көрсөткүч 100 миң адамдын ичинен 350 кишиге жетип, үчүнчү орунга чыккан.

Алдыңкы ондукта жалаң постсоветтик өлкөлөр: Түркмөнстан, Украина, Молдова, Азербайжан, Беларус, Тажикстан, Казакстан жана Орусия бар.

Изилдөөнүн авторлору бул өлкөлөрдүн жарандары тамак-аштагы туздун көптүгүнө жана жашылча-жемиштерди аз колдонууга байланыштуу келип чыккан дарттардан жабыркашат деген тыянакка келишкен.

Ал эми Европада туура эмес тамактануунун айынан германиялыктар эң көп жабыркай тургандыгы көрсөтүлгөн. Испанияда, Израилде жана Францияда жашагандар туура азыктанары аныкталган. Бул өлкөлөрдө ар бир 100 миң кишинин 43-46сы гана тамактын айынан өмүрүнөн айрылат деп эсептелген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.