Кыргызстан тез арада сырттан ташылган унга салыкты кайра киргизиши керек

993

Мындай чечим Евразиялык экономикалык комиссиясынын отурумунда кабыл алынган. Бул уюм эми маселенин жөнгө салынышын көзөмөлгө алат. Белгилей кетсек, былтыр январда кабыл алынган мыйзамга ылайык, сырттан буудай-ун ташыган ишкерлер НДСтен бошотулган.

Ошол эле учурда, Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдө өндүрүлгөн ун Кыргызстандын рыногуна кирген учурда 12 пайыздык баага кошулган салыгы алынат. Муну комиссия дискриминация жана өз ара соода жүргүзүүнү чектөөнүн жашыруун формасы катары баалады.

Кыргызстан жыл аягына чейин ата мекендик өндүрүүчүлөргө карата киргизилген жеңилдетилген салыкты жокко чыгарууну убадалаган. Мындан улам, Евразиялык экономикалык комиссия азырынча бул жаатта кандайдыр бир чечим кабыл албай турган болду.

Белгилей кетсек, сырттан ташылган буудайдан салыктын бир түрүн алып салуу менен өлкө бюджети дагы ири каражаттан куру калды.