Кыргызстан Тунгышбаевдин качкын макамын сураган арызын карап жатат

783

Кыргызстан казак активисти жана блогер Муратбек Тунгышбаевдин ага качкын макамын берүү тууралуу арызын карап жатат. Бул жөнүндө Мамлекеттик миграция кызматы кабарлады.

Мекеменин кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетованын айтымында, бул арыз боюнча чечимдин чыгышы бир жыл убакыт талап кылышы мүмкүн.

Казакстандын бийлигинин өтүнүчү менен Кыргызстанда 10-майда Бишкекте кармалган Муратбек Тунгышбаев эл аралык уюмдарга кайрылып, жардам сурады. Ал азыр УКМКнын тергөө абагында отурат.

Астана Тунгышбаевди өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап жүрүшөт.