Кыргызстан Түркиянын эң ири эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышууда

914

​Кыргызстандык туроператорлор 25-28 январь күндөрү Түркиядагы эң ири болгон 22- EMITT аталышындагы эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышууда. Стамбулда өтүп жаткан бул иш чарага USAIDтин бизнести өнүктүрүү демилгеси 8 туроператордун катышуусун колдоп берди.

Атай кетсек, Кербен Трэвел, Трэвел Лэнд, Табият Тур, САТ, Барс Интернационал, Трэвел Хаб, Логос Дискавери жана Баткен Трэвел Сервис аттуу туроператорлор катышууда. Аталган туроператорлор Кыргыз стендинде бизнес жолугушууларды өткөрүп, TravelShop Networking аттуу жыйындарга катыша алышат. Анда алар үчүн 25-28 январга чейин көбүрөөк кардарлар менен жолугушууга шарт түзүлөт.

Кыргыздын боз үйү, комузчулар жана селфи боюнча жарышуу иш чарага келген коноктордун көңүлүн бурду. Мындан башка катышуучуларга кымыз жана боорсоктун даамын таттыруу аземи өтмөкчү.