Кыргызстан түрмөлөрүндө 80 тажик жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат

1003

Бул тууралуу өкмөттүн алдындагы Жазаларды аткаруу кызматы билдирди. Мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын айтымында, камактагы тажикстандыктардын 70 пайызга жакыны маңзат сатуу айыбы менен камалгандар.

«Быйыл Орусиянын эки жана Балтика өлкөлөрүнүн биринин бир жараны экстрадицияланды. Тажикстан менен да камактагыларды өткөрүп берүү боюнча макулдашууга кол коюлган. Бирок биз тажик тараптан экстрадиция боюнча бир дагы өтүнүч ала элекпиз», — деди басма сөз катчы.

Кыргызстанда жабык типтеги 11 түзөтүү жайы, 13 жатак жана 6 тергөө абактары, ошондой эле өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн 1 түрмө бар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.