Кыргызстан туура эмес тамактануу боюнча 3-орунга чыкты (видео)

1223

Тийиштүү изилдөөнү Германиялык университеттин окумуштуулары жүргүзүшкөн. Алар 1990-жылдан 2016-жылга чейинки аралыкты алышкан. Жыйынтыгында, туура эмес тамактануудан улам адам өлүмү эң көп мурдагы советтик өлкөлөрдө катталаары аныкталган. Биринчи орунга Өзбекстан чыккан.

Экинчи орунда Түркмөнстан болсо, андан кийин Кыргызстан турат. Окумуштуулар аталган өлкөлөрдүн жашоочулары туздуу, майлуу тамак ашты көп, ал эми жашылча-жемиштерди аз колдонуудан келип чыккан дарттардан жабыркайт деген бүтүмгө келишкен. Кыргызстандык дарыгерлер дагы бул тыянакка кошулушат. Себеби туура эмес тамактануудан панкреатит оорусу менен жабыркагандардын саны көбөйүүдө, дешет дарыгерлер.