Кыргызстан тышкы карызын төлөө мөөнөтүн узартууну суранып жатат

1194

Кыргызстан тышкы карызынын быйыл төлөй турган 4 миллиард сомдон ашуун каражатынын төлөө мөөнөтүн узартууну суранып жатат. Бул боюнча донорлор менен сүйлөшүү жүрүп жатканын Финансы министрлиги кабарлады. Маалыматтарга караганда, учурда Париж клубу жана донорлор менен түздөн-түз сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатыптыр.

Ага ылайык, 4 миллиард 100 миллион сомго жакын акчаны пролонгация, тактап айтканда, кийинки жылдарга жылдыруу боюнча келишимдер каралып жатыптыр. Ал ишке ашып калса, быйыл жана кийинки жылы өлкөгө жеңилдетилген мөөнөт берилет.

Финансы министрлигинин соңку маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызы тышкы жана ички карыздарды кошкондо 378 миллиард сомду түзөт. Анын 87 пайызы тышкы карыз.

Кыргызстандын мамлекеттик карыздарды төлөө көлөмү 2023-жылдан тартып көбөё баштайт. 2027-жылдан тарта карызды төлөөгө жылына 400 миллион доллардай бөлүп туруу зарыл болот.