Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун биринчи форуму (видео)

877

Россиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарын утурлай Бишкекте «Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү келечекке инвестиция» деген форум өтүп жатат. Кыргызстандын жана Россиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун башын бириктирген мындай иш-чара биринчи жолу уюштурулду.

Форумдун жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков Россия менен Кыргызстан 30 жыл мурда бирдиктүү билим берүү мейкиндигинде жашаганын жана ал убакта билим берүү системасы дүйнөдө атаандашууга толук жөндөмдүү болгонун белгиледи. Азыр андай система жок экенин бирок мезгил чакырыктарына ылайык, эки өлкө ортосунда жалпы билим берүү мейкиндиги керек, деди мамлекет башчысы.