Кыргызстан жаңы жана заманбап стадионго муктаж (видео)

818

Кыргыз футболун өнүктүрүү үчүн эл аралык талаптарга жооп берген жаңы стадион куруу керек. Мындай пикирин Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин айтууда. Бул тууралуу соңку жылдары көп эле айтылып келет. Себеби Бишкектеги Долон Өмүрзаков башкы спорттук арена ФИФАнын заманбап талаптарына жооп бербейт.

Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришкендей, 30 миң көрүүгө ылайыкташтырылган футбол стадионун куруу үчүн бери дегенде эле 30 миллион доллар зарыл. Мындай каражатты өкмөт таап берээри күмөн. Ошол эле убакта жер маселеси чечилсе, стадион курууга даяр инвесторлор табылышы мүмкүн дегендер дагы бар.