Кыргызстан жазгы талаа иштерине даярбы? (видео)

1127

Быйыл дан өсүмдүктөрдүн зыянкечтерден коргоого каражат бөлүнө элек. Бул тууралуу парламенттин тармактык комитетинде белгилүү болду. Анда Айыл-чарба министрлиги жазгы талаа иштерине даярдыктар боюнча маалымат берди. Аткаминерлердин айтымында, жылына дан өсүмдүктөрүн талкалаган зыянкечтерге каршы каражат бөлүнүп келчу. Бирок быйыл кыскартуулардын айынан, ага акча каралган эмес. Ал арада адистер, бул жылы да айрым аймактарда чегиртке каптоо коркунучу бар дешет. Мындан тышкары, бүгүн комитетте жазгы талаа иштерине күйүүчү майдын, жер семирткичтин запасы жетеби деген суроолор берилди.