Кыргызстан жолдун сапаты боюнча — акыркы орунда (видео)

1043

Кыргызстан жолдорунун сапаты эң начар өлкөлөрдүн катарына кирди. Дүйнөлүк рейтингде жалпысынан 137 өлкөгө баа берилип, алдыңкылардын катарына Бириккен Араб Эмираттары, Швейцария, Сингапур өлкөлөрү кирип, Кыргызстан бул тизмеде араң гана 122чи орунду ээлеген. Ал арада Бишкектин жолдору жаңы технологияны колдонуу менен оңдолуп жатканы айтылууда. Мурда борбор шаардын көчөлөрүнө жөнөкөй эле асфальт төшөлсө, эми шагыл жана мастика кошулган аралашма колдонулуп жатыптыр. Адистердин айтымында, жаңы оңдолгон көчөлөрдүн сапаты жогорулап, асфальт мурдагыдан кыйла узак мөөнөткө чыдайт. Бирок мындай жаңы ыкма менен оңдолгон жолдордун абалына дагы шаар тургундары нааразы болушууда.