Кыргызстанда 1 айга жете турган гана ПЧР-тест калды (видео)

2594

Өлкөдө бир айга жете турган гана ПЧР-тест калды. Ак халатчандар эпидкырдаал курчуп кете турган болсо, ал 15 күнгө да жетпей калышы ыктымал деп коңгуроо кагышууда. Буга кошумча коронавирустун жаңы штаммын аныктай турган аппараттын жоктугу да ата-мекендик медиктерди санаага салууда.

Бул жаатта көмөк көрсөтүүнү суранып саламаттыкты сактоо министрлиги россиялык ишканага кайрылган. Бирок азырынча өтүнүчкө жооп келе элек экен. Ал арада дүйнөнүн бир катар өлкөсүн пандемиянын үчүнчү толкуну каптап, ал Кыргызстанга да улам жакындоодо.