Кыргызстанда 1-марттан 31-майга чейин улуттук кампания жүргүзүлөт

841

Кыргызстанда 1-марттан 31-майга чейин «Таза жашоо» деген аталыштагы улуттук кампания жүргүзүлөт. Акция социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртууга, жашылдандырууга багытталган. Кампания учурунда имараттардын тегерек чети иретке келтирилип, архитектуралык курулуштар тазаланып, балдар аянтчаларындагы жабдыктар сырдалат.

Ошондой эле, айлана чөйрөнү коргоо боюнча экологиялык акциялар уюштурулат. Өкмөт баардык коомдук уюмдарды, жарандык активисттерди, экологторду жана өлкөнүн санитардык абалына кайдыгер эмес адамдарды үч айлык «Таза жашоо» улуттук кампаниясына активдүү катышууга чакырат.