Кыргызстанда 18 миң баланын каттоосу жок (видео)

873

Кыргызстанда 18 миң баланын каттоосу жок. Мындай маалыматты ЮНИСЕФ уюму таратты. Адистердин айтымында, оор шартта жашаган үй-бүлөдөгү же ата-энеси алыска иштегени кеткен балдар эч жерге каттоого алынбай калууда. Алсак, Ош областынын бир эле районунда 10 миңден ашык бөбөктүн ата-энеси чет өлкөдө иштеп жүргөнү аныкталды.

Учурда аймактарда үймө-үй кыдыруу кампаниясы уланууда. Анын жүрүшүндө айрыкча алыскы айылдарда оор шартта багылып жаткан балдар аныкталып жатат.