Кыргызстанда 2 аптага жете турган гана күйүүчү-майлоочу май калды

933

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Исхак Пирматов айтып чыкты. Ал билдиргендей, Кыргызстан Евразиялык экономикалык Биримдикке киргенден бери күйүүчү май пошлинасыз ташылып келген. Бирок октябрдын ортосунан бери, бир да вагон өлкө аймагынан кирип же чыкпай калган. Күйүүчү майдын кору 2 аптага гана жетет.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен өкмөт бул тууралуу эч кандай маалымат бербей жатышат, дейт депутат. Эгер күйүүчү май пошлина менен ташыла баштаса, анда анын наркы көтөрүлөт. Андыктан биринчи вице-премьердин деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектиги айтылды.

Ошондой эле, кечээ жакында эле, «Жунда» заводу да 1 миллион тонна чийки зат ташып келүүгө аракет кылып, бирок анын жарымын да алып келе албай калганы белгилүү болду.