Кыргызстанда 2 миңге жакын бала бакча жетишпейт (видео)

753

Бирок жаңы билим берүү жайларын ачуунун ордуна, өкмөт мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу маселени чечүүнү көздөп жатат. Демилгеге ылайык, бөбөктөрдү менчик бала бакчаларга жөнөтүп, акчанын бир бөлүгүн бюджеттин эсебинен төлөө каралган. Мындай сунуш ата-энелер менен жеке мекемелерге майдай жагаары түшүнүктүү.

Бирок мынча каражат кайдан табылат деген суроо азырынча жоопсуз. Учурда Кыргызстандагы 2ден 6 жашка чейинки 800 миңдей бөбөктүн 24 пайызы гана бала бакчага барат. Ошондо 600 миңдей жеткинчекке айына ар бирине 5 миң сомдон эле коротулганда, 3 миллиард сомдой талап кылынат экен.