Кыргызстанда 2 миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймактарда күн кечирүүдө

872

Аларга мамлекеттен жардам да, жер тилкеси да берилгенине карабай көчүп кетпей жатышат, дейт Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Бул мекеменин маалыматы боюнча, жер көчкү коркунучу бар аймактарда 1746, ал эми суу ташып, сел жүрүшү мүмкүн деген жерлерде 150, таш кулоо жана башка чукул кырдаал болушу ыктымал участоктордо 36 кожолук бар.

Быйыл жазында Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагында жер көчүп, жети тамды басып, 24 адам топурак астында калган.