Кыргызстанда 25-май эс алуу күнү деп жарыяланды

3466

Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. Ведомстводон кабарлашкандай, 24-май Орозо айт майрамы жекшембиге туш келгендиктен Эмгек кодексине ылайык кийинки жумушчу күнү эс алуу болот.

Эске сала кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан 24-май күнү Орозо айт майрамы белгиленет деп билдиришти. Маалыматка ылайык, ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.

Муфтияттан кошумчалашкандай, жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмалануусу мүмкүн. Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.

Белгилей кетсек, быйыл Кадыр түн 19нан 20-майга караган түнү белгиленет. Кыргызстанда Орозо айы 24-апрелде башталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.