Кыргызстанда 26-январдан тарта абанын температурасы кескин төмөндөйт

985

26-январдан тарта абанын температурасы кескин төмөндөп, айрым аймактарда 30 градуска чейин суук болушу күтүлүүдө. «Кыргызгидромет» тараткан шашылыш билдирүүгө ылайык, аба табынын төмөндөшү 29-январга чейин сактала турганы айтылууда. Өзгөчө бийик тоолуу райондордо сууктун күчү — 35-40 градуска чейин жетээри күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн. Адистердин айтымында, абанын температурасынын кескин төмөндөшү 27-29-январга туура келет.

Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.