Кыргызстанда 3 айлык ишембилик өнөктүгү башталды

2312

Бул иш-чаранын алкагында 1-марттан 31-майга чейин айлана-чөйрөнү тазалоо жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт. Өнөктүккө өлкөнүн бардык айыл-кыштак, шаарлары тартылып, анын жүрүшүндө көчөлөрдү жана короолорду тазалоо боюнча ишембиликтер жүргүзүлөт.

Буга кошумча, мамлекеттик мекемелерди жана турак жайлардын тышкы көрүнүшүн жана айланасын оңдоо, түнкү чырактарды калыбына келтирүү жана орнотуу, айыл-кыштактарга жана шаарларга бак-дарак тигип, гүл отургузуу, муниципалдык жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Айлана-чөйрөнү тазалоо жана жашылдандыруу өнөктүгү социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу максатында жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.