Кыргызстанда 3 миң мугалим кыскартылды (видео)

931

Кыргызстанда орто мектептердин 3 миң мугалими кыскартылды. Бул өнөктүк билим берүү тармагын оптималдаштыруунун алкагында жүрүп жатат. Мекеменин жетекчилиги кыскартылган педагогдордун 2 миңи пенсия курагындагылар болсо, миңдейин саат жетпей калгандар түзө тургандыгын айтышууда.

Бирок ал мугалимдерге башка мектептерден же балдар бакчаларынан орун караштырылып, сентябрдын аягына чейин маселелери чечилет, дешет аткаминерлер. Бирок министрликтин бул кадамын тармакка көз салып турган эксперттер сынга алышууда.