Кыргызстанда 400 миң балага мектептерде орун жетишсиз (видео)

648

Бул тууралуу Жогорку Кеңеште билим берүү тармагына арналган өкмөттүк саатта вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди. Анын айтымында, элдин санынын тездик менен өсүшү жана ички миграциянын күч алышы менен Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй өрөөнүндө мектептер менен балдар бакчалары жетишпейт. 6 жашка чейинки балдардын 30 пайызы гана бала-бакчага барышат.

Өз кезегинде депутаттар мектептердин курулушунун сапаты, тендерлердин үзгүлтүккө учурап жатышы жана жеке менчикке өтүп кеткен балдар бакчаларынын имараттарын кайтаруу боюнча өкмөттүн жасап жаткан иштерин сурашты.