Кыргызстанда 9-февралдан тарта абанын температурасы бир аз жогорулайт

747

Жакынкы күндөрү өлкө аймагында кар жаап, жолдор тоңголок тартып, тайгак болушу мүмкүн. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты. Ага ылайык, 8-февралга чейин Ысык-Көл, Нарын областтарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлүүдө.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына аймактарда 4-9 метрге жетсе, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метр болоору күтүлүүдө. Ал эми 9-февралдан тарта абанын температурасы бир аз жогоруламакчы.