Кыргызстанда абанын температурасы -45 түшөт (видео)

730

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды 26-январдан 29уна чейин узак жолго чыгуудан карманууга чакырат. Эске салсак, кечээ күнү мекеме шашылыш билдирүү таратып, анда ушул жума күнүнөн тарта абанын температурасы кескин төмөндөп, айрым аймактарда 30 градуска чейин суук болушу күтүлүп жатканы кабарланган. Адистердин айтымында, суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Адистер кандайдыр бир озгөчө кырдаалдар жаралса, жарандар 112 кызматына чалуулары зарылдыгын белгилешүүдө. Ошондой эле, сууктун жакындашы менен Билим берүү жана илим министрлиги мектеп жетекчилерине класстардагы абанын температурасын маал-маалы менен өлчөп, окуучулардын саламаттыгы жөнүндө улам маалымдап турууга милдеттендирди.