Кыргызстанда «Ачык асман» долбоору ишке кирди (видео)

1365

Алдыңкы жарым жылдыкта Кыргызстандын авиакомпаниялары Европа Биримдигинин «кара тизмесинен» чыгып калуу мүмкүнчүлүгү жогору. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев билдирди. Анын айтымында, өлкө  «Аба кодексине» өзгөртүүлөрдү киргизип, «ачык асман» саясатына өтө баштаганы жакшы көрсөткүч.

Ал арада, бул программа кантип иштейт жана анын кандай пайдасы бар деген суроолор көбөйдү. Аткаминерлер долбоор тармакка оң гана таасирин тийгизет деп ишендирүүдө. Бирок «Ачык асмандан» өлкөдөгү ички каттамдар жабыркайт деген кооптонулар да бар.