Кыргызстанда адам сатууга каршы 100 күндүк акция башталды

901

Бүгүнтөн тарта өлкөдө «Жаштар колдойт» деген ураан алдында 100 күндүк маалымат өнөктүгү башталды. Иш-чара Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги менен жаштардын 30 уюму бирге уюштурууда.

Акция 10-декабрга чейин уланып, анын жүрүшүндө адистер элди кыдырып, миграция мыйзамдары, адам сатууга каршы туруу жаатындагы кеп-кеңештерди беришет. Сексуалдык кулчулукка каршы турууга өзгөчө басым жасалмакчы.

Кыргызстанда бир жылда адамдардын кулчулукка кабылганына байланыштуу 8-10 кылмыш иши катталат. Бирок адам сатуунун курмандыктары көп учурларда күч органдарына кайрылбагандыктан, көрсөткүч бир нече эсе жогору болушу мүмкүн, дешет укук коргоочулар.