Кыргызстанда адамга окшош робот жасалууда (видео)

1821

Кыргызстанда биринчи жолу адамга окшош робот жасалууда. Учурда ал жарым-жартылай даяр болуп калды. Робот толук куралып бүткөн соң, анын мүмкүнчүлүктөрү элге кеңири көрсөтүлөт. Ойлоп табуучулардын айтымында, ал тамак жасап, үй жыйнаган сыяктуу жумуштарды аткара алат. Роботтун башына калпак кийгизилип, ал кыргыз тилинде сүйлөй тургандай программалаштырылууда. Роботтун тулку боюн куроо үчүн эле 1 жылга жакын убакыт кеткен. Ойлоп табуучулардын айтымында, көп мээнетти талап кылган эмгек 1,5 миллион сомго чейин бааланат. Бирок азырынча автор сатуу тууралуу ойлоно элек.