Кыргызстанда Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленүүдө (видео)

971

Манас жана Чыңгыз Айтматов академиясы түзүлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз улуттук филармониясында залкар жазуучунун 90 жылдыгына арналган иш-чаранын жүрүшүндө билдирди. Ал эми кийинки жылы улуу инсандын атын алып жүргөн орус драма театры оңдоло турганы убадаланды.

Мамлекет башчы жыйындын алдында Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөсү менен таанышып, театрлаштырылган программаны көрдү. Президент Сооронбай Жээнбеков Айтматов адамдардын аң-сезимин өзгөрткөн залкар жазуучу гана эмес, дүйнөлүк саясатка таасирин тийгизген планетардык деңгээлдеги инсан болуп калганын баса белгиледи.