Кыргызстанда алгачкы жолу уникалдуу операция жасалды (видео)

2565

Мамлекет 600 миң долларга медициналык жабдык сатып берсе, боор илдетине чалдыккандарды чет өлкөлөргө жөнөтпөй, Кыргызстанда дарылоого шарт түзүлөт. Бул тууралуу Борбор Азия боюнча уникалдуу операция жасаган дарыгерлер айтышууда. Алар альвеококкоз илдетинен жабыркаган 39 жаштагы адамды айыктырышты.

Операциянын өзгөчөлүгү дарыгерлер ооруга чалдыккан органды өзүнчө алып чыгып, сыртта 3 саат бою шишиктен толугу менен тазалап чыгышкандыгында. Учурда мындай илдетке кабылгандар Түркия, Индия сыяктуу өлкөлөргө барып, дарыланууга аргасыз.