Кыргызстанда алтын куймалары сатыла баштады (видео)

4070

Өлкө ичинде сатылган алтын куймалары Лондондогу баалуу металлдар базарынын нарктарына караганда кымбат болууда. Мындан улам ата мекендик ишкерлер аны алууга чама-чаркы жетпей жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Зергерлер жана өндүрүшчүлөр бирикмесинин төрагасы Сталбек Акматов айтып чыкты.

Ал 1 грамм алтын 17 доллардан жогору сатылып жатканын билдирди. Эске салсак 1-февралдан баштап Улуттук банк алтын куймаларын сата баштады. Алар «Кыргыз алтын» ишканасы тарабынан 10 900 граммдан 13 400 граммга чейинки салмакта даярдалган.