Кыргызстанда ар бир үчүнчү кылмыш Бишкек шаарында жасалууда

722

Бул тууралуу ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов билдирди. Бүгүн шаардык кеңештин депутаттары калаа милициясынын маалыматын укту.

Былтыр өлкө боюнча 24 миң кылмыш катталса, анын 10 миңге жакыны борбордо болгон. 2016-жылы Бишкекте 62 адам өлтүрүү болуп, бир иштин бети ачылбай калган.

Баш калаада тоноо максатында кол салуу көп катталып жатат, деди Сталбек Рахманов.